Аалы Карашев өкмөт 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын жыйынтыгындагы кемчиликтерди 2016-жылдын апрелине чейин четтетерин айтты

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, 2014-жылдын республикалык бюджетин аткарууда 7 миллиард сомго жоготуу болгон. Ички дүң продукциянын өсүшү белгиленген 7 пайыздын ордуна 3,2 пайызды түзгөн. Аткарыла турган иштердин 33 пункту боюнча мыйзам бузуу катталган.

Мындай маалыматтардан соң бир катар эл өкүлдөрү 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын жыйынтыгындагы кемчиликтерди четтетүү маселесин өкмөттүн астына койду. Ошону менен катар депутаттардын бир тобу Эсептөө палатасынын жыйынтыктарынын эмнеси менен макул, эмнеси менен макул эместигине кызыгышты. Ошол эле маалда натыйжалуулук аудити, фискалдык саясат боюнча реформалардын абалы, көмүскө экономиканы жоюу багытында бир катар маселелерди такташты.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул боюнча Эсептөө палатасы менен чогуу талкуулап, бир тыянакка келе тургандыгын билдирди. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев өкмөт 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын жыйынтыгындагы кемчиликтерди 2016-жылдын апрелине чейин четтетерин белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча 6 фракциянын чечими жок болгондуктан, мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан