Шайлоо алдында бириккен "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы экиге бөлүндү

Парламенттик шайлоонун алдында бириккен "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы кайрадан экиге бөлүндү. Маалыматты SUPER.KG`ге партиядан тастыкташты. "Маселе саясий кеңеште талкуудан өттү. Жакында партиянын курултайы өтүп, акыркы расмий чечим кабыл алынат",- деп билдиришти. Курултай 19-декабрга болжолдонууда.

Бөлүнүүнүн себеби - жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча баруу боюнча жаштардын демилгеси. Партиянын жаштары шайлоого өз алдынча барып күч сынап көрүүнү чечишип, саясий кеңеш демилгени жактырган.

Эскерте кетсек, "Бүтүн Кыргызстан" партиясын Адахан Мадумаров жетектесе, экинчи партиянын лидери Аскар Салымбеков. 2015-жылга чейин өз-өзүнчө иш жүргүзүп келген партиялар 2015-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата быйыл май айында биригүү чечимин кабыл алышкан. "Эки лидер эки башка көз караштагы адамдар, партиянын келечеги жок" деген пикирлерди Мадумаров кескин түрдө четке кагып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан