Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2015-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси тууралуу маалыматын угууга киришти

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү ыргагы 2015-жылдын бюджетине айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болду. Бюджеттин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салык кирешеси 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше көлөмү 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйгөн.

Ал эми 2015-жылдын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Тышкы карыз 3 миллиард 330 миллион долларга жетти.

"Тышкы карыз ички дүң продукция менен салыштырганда 55 пайызга жетип калды. Албетте, бул 10 айдын жыйынтыгы боюнча. Ошондуктан карыздын көлөмүн 60 пайызга жеткирбөөгө аракет көрүп жатабыз",- деди каржы министри.

Учурда депутаттар суроо-жоопко өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан