Чет өлкөдөн кыргыз жерине учуп келгендерге да акы төлөтүлүшү мүмкүн

Кыргыз жерине учуп келген чет өлкөнүн жарандарына да акы төлөтүүнү өкмөт карап жатканын 16-декабрда Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Жыйында депутат Сайдулла Нышанов: "Өкмөттүн аэропорт аркылуу Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө учуп кетип жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушун колдойм. Чет өлкөдөн кыргыз жерине учуп келип жаткан чет элдик жарандардан да акы алууну киргизип койсо болот. Себеби биз башка мамлекеттерге учуп барганда аэропорттон акы алышат",- деп сунуш кылды.

Уезбаев депутаттын сунушун колдоду. "Биз азыр Тышкы иштер министрлиги менен бул маселени карап жатабыз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан