Мыктыбек Абдылдаев Ысык-Көлдө бир жарым жыл мурун кулап түшкөн тик учак маселесин Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүп чыкты

"Согуштук тик учак үйдөгү тарелка эмес, ал миллиарддаган сомго бааланат",- деп депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Ысык-Көлдө бир жарым жыл мурун кулап түшкөн тик учак маселесин кайрадан көтөрүп чыкты. Депутат тик учактын кыйрашы боюнча кылмыш иши козголгондон кийин эч кандай маалымат берилбей келгенине токтолду.

"Бул маселени биз көтөрүп чыккандан кийин кылмыш иши козголгон. Андан бери бир жыл өттү, бирок ошол учурдан бери бул боюнча эч кандай маалымат берилбей жатат. Буга жооп бериш керек да. Бизде 3-4 төрт гана тик учак бар болчу. Өзүңөр азыркы абалды көрүп жатасыңар, жаңы чакыруулар болуп калса, кантип жооп беребиз? Бул жерде өйдө-ылдый айтканыбыз менен, акча жок экенин билип жатабыз да",- деди Абдылдаев.

Жыйында Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан чакырылгандардан жок болгондуктан, депутаттын суроосу жоопсуз калды. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев кат түрүндө жооп берүүгө убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан