Темир Сариев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары бүгүн, 16-декабрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Премьер-министр Темир Сариев билдиргендей, ШКУнун кезектеги саммити 2016-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында, Бишкек шаарында өтөт. "Бүгүнкү жамааттык жолугушуу бардык катышуучулар үчүн жемиштүү болуп саналат. Кыргыз мамлекети ШКУга мүчө өлкөлөр менен экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар",- деди өкмөт башчы.

Сариев Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы эркин соода аймагын түзүү боюнча кытай тараптын демилгеси эксперттик топ тарабынан 2016-жылы Бишкекте талкууланарын белгиледи. "2016-жылы ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү алкагында кыргыз өлкөсүнүн каржы министринин мүчө мамлекеттердин борбордук банк жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылууда. Алар экономикалык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашмакчы",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан