“Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 3-окууда каралды.
Мыйзамдын долбоору Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттардын атайын эсебинин атын тактоого багытталган.
Республика 2 деңгээлдүү бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу райондук бюджет жоюлган. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы аталган мыйзамдын 6-беренеси бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калганынан улам келип чыккан.
Талкууда депутаттар каражаттарды которуу механизмдерине байланыштуу маселелерди такташты. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.