Токтогул ГЭСинин бардык агрегаты толугу менен алмаштырылат

16-декабрда Жогорку Кеңеште “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, 1975-жылы ишке киргизилген Токтогул ГЭСинде ушул кезге чейин жаңыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал өлкөнүн эң ири, эң маанилүү электр станциясы болуп эсептелет. Анын кубаттуулугу - 1200 МВт. Өлкөдө иштелип чыккан электр кубатынын 40 пайызын өндүргөндүктөн, анын мааниси зор. Ушу тапта Токтогул ГЭСинин жабдуулары толук эскирип, алмаштырууну талап кылууда.

"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоонун жалпы көлөмү - 250 миллион доллар. Анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы 110 миллион доллар берет: 44,5 миллион доллары – грант, 65,5 миллион доллары – жеңилдетилген насыя. Насыя каражаты 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бүткөндө анын үстөк пайызы 1,5 пайыз болот.

Ал эми Евразия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген насыя түрүндө 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 100 миллион доллар каражат берүүдө. Андан сырткары Кыргыз Республикасы кошо каржылоо үчүн салык жана алымдардан бошотуу түрүндө 40 миллион доллар кошууга тийиш.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери аяктаганда анын кубаттуулугунун 20 пайызга чейин өсүшү күтүлүүдө. Талкуудан соң мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан