16-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Кытай Эл Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.
Премьер-министр менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында "Биргелешкен коммюнике", "КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кытайдын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим", "КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана КЭР Маданият министрлигинин ортосундагы 2016-2019-жылдарга кызматташуу программасы", "КРнын Улуттук банкы жана Кытай банктык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча комиссиясы аралык кризисти башкаруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө билдирүү", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
«Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" ортосундагы инвестициялык келишим" сыяктуу бир катар документтер бар.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын чакыруусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрында Кытай Эл Республикасында расмий сапар менен жүрөт.