Ысык-Көлдө 18-19-декабрь күндөрү "Кыргыз мамлекети: заманбап экономикалык чакырыктарды жеңүү" деген темада эл аралык конференция өтөт. Жыйында улуттук экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоодогу эффективдүү чараларды издөө, тобокелчиликтер жана негизги жетишкендиктер талкууланат.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов "Кыргыз Республикасынын Еразиялык экономикалык биримдикке кириши - экономикалык мүмкүнчүлүктөр" деген темада баяндама жасай турганын өкмөттөн билдиришти. Иш-чара 2015-жылды Улуттук экономиканы бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткаруунун алкагында өтөрү айтылды.