Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев СССР доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин 95 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу 17-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоодо: "Быйыл жалпы кыргыз журтчулугу СССР доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин 95 жылдыгын белгилеп жатат. Акматбек Сүйүнбаев турмуштун бардык кыйынчылыктарын көтөрүп, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен. Эмгек жолун алыскы Нарын жергесинде катардагы эсепчи катары баштап, Кыргыз Министрлер Советинин Төрагасына чейинки байсалдуу жолду басып өткөн.
Акматбек агабыз - Советтер Союзу доорундагы жаратман муундун татыктуу өкүлү. Кайсы кызматта болбосун, иштин майын чыгара иштеп, мамлекеттин алдыга жылышына, өнүгүшүнө жана өсүшүнө олуттуу салым кошкон. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон чынчыл, калыс инсан болгон. Айрыкча Ош облусун өнүктүрүүгө көп эмгек жумшаган. Анын ак эмгегинин акыбети катары бүгүнкү күндө Ош шаарындагы борбордук стадион Акматбек Сүйүнбаевдин ысымын алып жүрөт.
Акматбек Сүйүнбаевдин өмүрү, басып өткөн жолу - элине, Ата Мекенине чын дилинен берилип кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Көзү өтүп кетсе да, анын жасаган ак эмгеги кыргыз элинин жүрөгүндө ар дайым жашай берет",- деп айтылат.