Садык Шер-Нияз: "2016-жылдын бюджетин кайра карап чыгууга жиберсек, тартыштык дагы 10 миллиард сомго өсүп кетиши мүмкүн"

"2016-жылдын бюджетин кайра карап чыгууга жиберсек, тартыштык дагы 10 миллиард сомго өсүп кетиши мүмкүн",- деп айтты депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын 2016-жылкы бюджетинин долбоору каралып жатканда. Анын пикиринде, кайра карап чыгуунун зарылчылыгы жок. "Айрым депутаттар кайра карап чыгууга жиберип, тартыштыкты 10 миллиард сомго кыскартса болот деген ойду айтып жатышат. Мен, тескерисинче, тартыштык өсүп кетеби деп коркуп жатам, себеби биз айылыбыздагы мектептерди, ооруканаларды, жолдорду кошконго жетишпей калдык. Акыркы учурларда депутаттын трибунасын өз айылыбыздагы көйгөйдү айтууга айландырып алдык. Ошондуктан өзгөрүү болбогондон кийин колдоп берели, экинчи окууда өзгөртүү киргизебиз. Жаңы жылга бюджет менен киришибиз керек",- деди Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан