Кыргыз мамлекетинде 2016-жылы орточо айлыктын суммасы 14 900 сомду түзөт. Бул тууралуу парламенттин 17-декабрдагы жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Бул көрсөткүч 2015-жылкыга салыштырмалуу 3,8 пайызга көп экени айтылды. Быйыл орточо айлыктын суммасы 13 300 сом деп бекитилген. Кийинки жылы жумушсуздуктун көрсөткүчү 7,9 пайызды түзөрү маалымдалды.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын 2016-жылкы бюджетинин долбоору каралууда. 2016-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, чыгымы 146 миллиард 853 миллион сом болмокчу. Бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сомду түзөт.