Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Иса Өмүркулов өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. "Эсебиңер бар, планыңар бар, бирок бюджет толбой жатат. Анда акчалар кайда кетип жатат? Көмүскө экономика менен күрөшүү кандай жүрүп жатат?"- деп суроо узатты Өмүркулов.
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн 3 багыттагы иш план иштелип чыкканын айтты. "Көмүскө экономикага каршы күрөшүү планына негизинен 3 багыт камтылып жатат. Биринчиси, колго берүүнү кыскартуу, экинчиси, кызмат секторлору боюнча, үчүнчүсү, салык отчётун берүү боюнча. Салык отчётун алууда көпчүлүк чакан ишканалар бланкаларды толтуруу сыяктуу процесстерден качып, көмүскө экономикага кирип кетишкен",- деди Иманалиев.