Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-декабрдагы отурумунда 2016-жылдын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында депутат Аида Салянова өкмөт мүчөлөрүнө: "Мен коррупциялык рыноктун өлчөмү азыркы учурда канча экенин сурагым келип жатат",- деп кайрылды. Депутаттын суроосуна вице-премьер-министрлер, министрлердин ордуна экономика министринин орун басары "биз коррупцияга каршы күрөшүүгө план кабыл алганбыз" деп жооп узатты. Салянова: "Менин суроомду түшүнгөн жоксуңар, министрлер да түшүнбөгөндүктөн унчукпай отурганы мени таң калтырды. Мен коррупциялык рыноктун өлчөмүн сурадым. Мисалы, Орусияныкы 300 миллиард доллар экен. Бизде эксперттер 10 пайыз деп айтып келишет, бирок 10 пайыз эмес. Антип айтсаңар калп айткандай болуп каласыңар. Силерде бул тууралуу түшүнүк жок болсо, кайда баратабыз?"- деп нааразы болду.