Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 17-декабрда журналисттер менен жолугушууда Түркия тууралуу берилген суроого жооп берди. Орусия лидери Түркия кылмыш кылып коюп, НАТОнун артына жашынганын айтат:
"Аскердик учакты атышты, биздин жаран каза тапты. Бизди баарынан эмне кыжырдантты? Түркия тарап кийинчерээк "атылган учак Орусияныкы экенин билген эмеспиз" деп чыкты. Мейли, эгерде учактын атылышы кокустук болсо, мындай учурда эмне кылыш керек эле? Адамдар өлдү да! Дароо трубканы алып тараптар бири-бирине кырдаалды түшүндүрүшөт. Мунун ордуна алар дароо Брюсселге чуркашты. "Караул! Бизди таарынтып жатышат!" дешти. Ким таарынтты? Биздин аларга колубуз тийдиби? Жок! НАТОнун артына жашынып алышты".