"Кечээ "2015-жылдын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоору өтпөй калса, өкмөт отставкага кетет" деп депутат Аскарбек Шадиев айтты эле, бүгүн Кенжебек Бокоев да ушул маселеге токтолду",- деди депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. Анда 2016-жылдын республикалык бюджети каралып жаткан. Төрөбаев: "Оппозициялык фракциялар, бир нерсе билсеңер бизге деле айтып койгула да",- деди.
Андан кийин депутат Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин структурасы 4 жылдан бери бекитилбей келгенин кошумчалады. "Бул министрликтин структурасын өкмөт тез арада бекитип бериши керек, бул өтө зарыл иш",- деди Төрөбаев.