Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорунун концепциясын 1-окууда кабыл алды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2016-жылдагы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 141 миллиард 433 миллион сом, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашасы 163 миллиард 886 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленди.
2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине чыгат. Бул ички дүң өнүмгө карата – 4,5 пайыз. Азыр бюджет таңсыктыгын жабуунун ички жана тышкы каржы булактары аныкталды. Ички булактар боюнча 8 миллиард 588 миллион сом көлөмүндө терс сальдо, тышкы булактар боюнча 31 миллиард 42 миллион сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.
2017-жылдагы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 149 миллиард 741 миллион сом көлөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 162 миллиард 38 миллион сомго чейин өсөт. 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 131 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 142 миллиард 212 миллион сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 170 миллиард 800 миллион сомду жана 175 миллиард 724 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.
Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында талкууга алышып, бир катар сунуштарды беришти. Ошол эле учурда сын-пикирлерин да айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп беришти.