Кыргыз мамлекети Кытайдын жарандарына визасыз режим киргизүү жолдорун карап жатат

Кыргыз мамлекети Кытайдын жарандарына визасыз режим киргизүү жолдорун карап жатат. Экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошевдин билдиришинче, мындай чара өлкөгө турист тартуу максатын көздөйт. Маалыматка таянсак, учурда сүйлөшүү процесси жүрүп жатат.

Тема социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Туризм үчүн кытайларды пайдаланып калуу керектигин айткандар, тескерисинче, муну менен улуттук коопсуздукка коркунуч жараларын белгилегендер арбын. Коомдук активист Тимур Саралаев буга: "Бул - акырындап жүрүп жарылчу мина. Өлкө катастрофанын чегинде!"- деп пикир билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан