Бишкекте бүгүн, 18-декабрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин алгачкы жыйынтыктары талкууланат. Тегерек столдун темасы: "Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы парламентине мониторинг: биринчи кадамдар, алгачкы жыйынтыктар". Партиялардын шайлоо алдында берген убадалары, алардын канчалык аткарылганы, парламенттин жалпы ишмердүүлүгү талкууга алынмакчы. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен Европа коопсуздук кызматташтык уюму тарабынан ишке ашырылып жатат.