"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештин депутатынын артыкчылыктарын толугу менен алып салууга каршы чыкты. Анын билдиришинче, алыскы райондордон Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендерге иштөө үчүн шарт керек.
"Азыр депутаттар 30-35 миң сом айлык алышат. Бул айлык өлкөнүн түштүк аймагынан депутат болуп келгендерге жетпейт, себеби бир айда бир жолу барып келгенге эле 15 миң сомуң коройт. Ошондуктан айрым артыкчылыктарды калтырыш керек. Баарын эле алып салууга болбойт, иштегенге шарт керек. Ансыз деле үйү жок депутаттарга кыйынчылык болуп жатат. Парламентке дайыма эле байлар келбейт да, айылда мугалим болуп иштегендер да депутат болуп келишет",- деди Абжалиев.