Кыргыз мамлекетинин БУУдагы өкүлү Таалайбек Кыдыров кызматынан бошотулду

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров ээлеген кызматынан бүгүн, 18-декабрда бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Кыдыров аталган кызматка 2010-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан