Депутаттардын айрым артыкчылыктарынан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

"Республика – Ата Журт" фракциясы бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын айрым артыкчылыктарынан баш тартуусу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоорунда "КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдардын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү каралууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Мирлан Жээнчороев ушу тапта республикалык бюджетке кыйла оорчулук келип жаткандыктан, бюджет чыгымдарын кыскартуу маселесине өзгөчө көңүл бурула турганын айтты. "Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда кызматтык турак жай, кызматтык автомашина сындуу бир катар артыкчылыктардан баш тартуу, тейлөө кызматынын штаттык бирдигин кыскартуу, Иш башкармалыгын жоюу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу чаралары каралган", - деди Жээнчороев.

Демилгечи мурда Жогорку Кеңештин мындай токтому кабыл алынганын эске салып, азыр аны мыйзам түрүндө бекитүү аракети жасалып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан