Орусияга болгон 3 миллиард доллар карызынан эртең толугу менен кутула турган Украина карызды төлөө мөөнөтүн жылдырды

Украина орусиялык карызды төлөөгө мораторий жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Украинанын өкмөтү Орусияга болгон 3 миллиард доллар карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча чечим кабыл алды. "Украина бул карызынан эртең, 20-декабрда толугу менен кутулушу керек болчу. Орусия тарап 20-декабрдан 10 күн өткөндө Украинанын карызы боюнча соттук процессти баштамакчы. Украина мындан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирип, бул маселени сотко жеткирбей чечүүгө үмүттөнүүдө",- деп жазышат басылмалар.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын декабрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Янукович Украинага 15 миллиард доллар насыя берүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул келишимдин алкагында 3 миллиард доллар өлчөмүндөгү бир бөлүгү берилген. Бирок Украинада бийлик алмашкан соң, Орусия насыянын калган бөлүгүн берүүнү токтоткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан