"Батыш өлкөлөрүнүн Украинага карата позициясы бул мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу эмес",- дейт Орусиянын президенти Владимир Путин. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Биздин европалык жана америкалык өнөктөштөрүбүздүн негизги максаты - Советтер Союзун кайра түзүүгө тоскоолдук жасоо, бирок бизде Советтер Союзун кайра түзүү ниетибиз жок экенине эч ким ишенгиси келбей жатат. Батыш өлкөлөрү Бирдиктүү экономикалык аймактын түзүлбөшү үчүн бардыгын кылышкан. Бүгүнкү күнгө чейин алар Евразиялык экономикалык биримдик менен тең сүйлөшкүсү келишкен эмес. Эмнегедир Европалык биримдикти түзсө болот, ал эми Евразиялык биримдикке болбойт экен",- деди Путин.