Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасынын курулушун каржылоо 2016-жылга жылдырылды

"Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасынын курулушун каржылоо 2016-жылга жылдырылды". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 21-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда билдирди. Анын билдиришинче, каржылоо булагы Кытай Эл Республикасы болгондуктан, алар 2 миллиард сомго жакын акчаны 2016-жылдан баштап которо баштайт.

"Кытай тарап 2 миллиард сомго жакын акчаны 2016-жылдан баштап ачып беребиз деп жатат. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине 800 миллион сом которуп берүү кийинки жылга жылдырылды. Буга жүйөлүү себептер болуп жатат. Албетте, 2015-жылдын жыйынтыгын карап жатканда тиешелүү министрлер өз баасын алат.

Мен сиздерге дагы бир жолу айтып кетейин, милдеттемелерди алып жатабыз. Кийинки жылы сапаттуу секирик болсун деп аракет кылабыз",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан