Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 21-декабрдагы отурумунда "КРнын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди. Касымалиевдин айтымында, 2014-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 105 миллиард 261 миллион сомду түзгөн же 101,9 пайызга аткарылып, киреше 2013-жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга өскөн. Анын ичинде 70 миллиард 945 миллион сом салыктык киреше, 24 миллиард 356 миллион сом салыктык эмес киреше болуп саналат. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 107 миллиард 400 миллион сомду түзгөн же 2013-жылга салыштырмалуу 15 миллиард 284 миллион сомго көбөйгөн.
Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору жактырылып, мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.