Өкмөттүн 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бюджеттин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салыктык киреше 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше көлөмү 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйдү.

Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Өлкөнүн мамлекеттик карызы 3 миллиард 630 миллион доллар өлчөмүндө белгиленип, ал ички дүң өнүмдүн 58 пайызын түзөт. Доллар кунунун кескин өскөнүнө байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө үчүн каралган каржы көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү.

Белгилей кетчү жагдай, доллар куну кескин көтөрүлүп, улуттук валюта куну төмөн түшүп кеткенинен улам бюджеттин киреше бөлүгү болжол менен 200 миллион сомго азайганы белгилүү болду. Ошондой эле салыктык кирешенин көлөмү да мурда такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Ал эми бюджет тартыштыгы 16 миллиард сомду түзүп, аны жабуунун ички жана тышкы булактары негизинен аныкталды.

Жыйынтыгында талкуу жүрүшүндө айтылган пикирлер менен сунуштар эске алынуу менен "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жактырылып, экинчи жана үчүнчү окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан