Каржы министрлиги 228 миң сомго 2 планшет сатып алуу аракетин токтотту

Каржы министрлиги 228 миң сомго эки планшет жана 284 миң сомго 10 кресло сатып алуу аракетин токтотту. Маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында белгиленет.

Эскерте кетсек, жакында министрлик 114 миң сомдон 2 планшет, 28,5 миң сомдон 10 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыялап, мындай аракет коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Министрлик атайын каражаттарды сатып алуу аргасыздык экенин билдирген эле.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын дээрлик 5 миллион сомго жаңы килем сатып алганы талкууга алынган . 8-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткандан кийин тендер жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан