Депутаттар балык өстүрүүнү өнүктүрүү жолдорун талкуулашты

Кыргыз мамлекетинде "Балык чарбасы жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы бүгүн, 21-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде талкууланды.

Балык чарба департаментинин башчысы Самарбек Күчүков балык өстүрүүдө суу потенциалы боюнча Казакстандан кийин эле Кыргыз Республикасы турарын белгилеп, мамлекеттик суу көлмөлөрү инвентаризацияланып, Финляндия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн балык чарба ишканаларында тажрыйба алмашуу, адис даярдоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Депутат Дастан Жумабеков элдин балык менен азыктануусунун өтө төмөндүгүнө балыктын баасы, баанын кымбаттыгына республикада бир да балык жемин чыгаруучу заводдун жоктугу себеп экенин белгилейт. “Инвестиция караштырып, балык жемин чыгара турган завод ачылса, балык өстүрүү иши колго алынып, баасы дагы калкка ыңгайлуу болот эле. Балык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү деңгээлде саясат жүрбөй жатат”,- дейт депутат.

Жыйында каражат жетиштүү бөлүнмөйүнчө балык чарбасындагы абал оңолбой турганы да айтылды. Балыкты торчолорго кармап өстүрүү жолго коюлганы менен, жетишерлик натыйжа чыкпай жатканы, ири балык чарбаларын каржылоо же инвестиция тартуу зарылдыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан