“Биз өлкө экономикасынын иш жүзүндө өнүгүү чегин 7 пайыздан кем кылбоо максатын койгонбуз" дейт өкмөт башчы

“Биз өлкө экономикасынын иш жүзүндө өнүгүү чегин 7 пайыздан кем кылбоо максатын койгонбуз. Буюрса, жакынкы жылдары ошол көрсөткүчкө жетебиз",- деп айтты өкмөт башчы Темир Сариев Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында. Өкмөт башчы мындай тапшырма өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда камтылганын белгиледи.

"Ал үчүн 2016-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүн көбөйтүү менен бирге, экономиканын өнүгүү деңгээлин 5,2 пайызга жеткирүү боюнча жогорулатылган милдеттенме алдык. Ал эми ички дүң өнүмүнүн көлөмү 501 миллиард 582 миллион сомго чейин өсүүгө тийиш",- дейт Сариев.

Комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан