Темир Сариев "Республика-Ата Журттун" жыйынында өкмөт мүчөлөрүн "Эмнеден коркуп, эмнеге башыңарды жерге саласыңар?" деп катуу сынга алды

"Эмнеден коркуп, эмнеге башыңарды жерге саласыңар?"- деп өкмөт башчы Темир Сариев "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында өкмөт мүчөлөрүн катуу сынга алды. Жыйында "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан.
Фракция мүчөлөрү: "Быйылкы жылдын эсебиндеги 345 миллион сом учурда пайдаланылбаптыр. Жаңы жылга 9 күн калды, аны эми кайда жумшайсыңар?"- деп суроо салышты. Каржы министри Адылбек Касымалиев: "Жыл аягына чейин иштетебиз",- деп жооп берди.
Министрдин мындай жообуна өкмөт башчы Темир Сариев канааттанбагандыктан, катуу ачууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан