Темир Сариев 1-августта электр энергиясы 21 пайызга кымбаттай турганын айтты

"2016-жылдын 1-августунда электр энергиясы 21 пайызга, жылуулук берүү 1-апрелде 20 пайызга кымбаттайт". Бул боюнча премьер-министр Темир Сариев 21-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты. Өкмөт башчынын билдиришинче, тариф саясаты жыл сайын импорттун көлөмүнө жараша көтөрүлүп турат. "Өкмөт тариф саясатын кабыл алган. Бул өзгөрүүлөр ошол жерде белгиленген, бирок дароо көтөрүү болбойт, импорттун көлөмүнө жараша көтөрөбүз",- деп жооп берди Сариев.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар аймактардагы шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу маселесин тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан