"Алтын кенин сыртка ташып чыкпай, жеринде иштетүү зарыл. Ошондон улам келерки жылы өлкөдө алтын кенин иштете турган жаңы фабрика курулат",- деп айтты өкмөт башчы Темир Сариев Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында. Ал эми сыртка ташылган кендер үчүн алымдардын өлчөмү кескин жогорулатыла турганын кошумчалады.
Сариев улуттук валютаны турукташтыруу максатында каржы жүгүртүү тармагын доллардан арылтуу боюнча программа иштелип чыкканын билдирди.