Өмүрбек Бабанов: "Өкмөттүн аткаруу иши карыз менен эле жүрүп жатат"

"Өкмөттүн аткаруу иши карыз менен эле жүрүп жатат",- деп айтты "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов. Фракция лидери Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна түшкөн каражатты ишкерлерге насыяга берүү керектигин айтты.

"Өкмөт мүчөлөрү, жеке көз карашыңарды өкмөттө колдонбогула, силер мамлекеттик кызматтасыңар. Баарын саясий оюн кылып, ары-бери сүйрөп жатасыңар. Өкмөткө 22 миллиард сом каражат жетпей жатса, ишкерлерге деле 500 миллион доллар каражат керек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна түшкөн акчаны ишкерлерге насыя катары бергиле. Фонд өзүнөн өзү пайда болгон жок, президент Алмазбек Атамбаевди парламент колдоп берип, ушул жерде саясий чечим кабыл алганбыз",- деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан