"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов Токтогул ГЭСинин бардык агрегатын толугу менен алмаштыруу үчүн жумшалып жаткан 250 миллион доллар 4 эсе ашыкча экенин билдирди. Анын билдиришинче, 60 миллион доллар гана жетиштүү болмок.
"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн эки ири банктан 250 миллион доллар карыз алынып жатат. Бирок 1 МВт үчүн 1 миллион доллар эле керек. Биз бул жерде 100 миң долларды ары-бери түртүп жатсак, бул жакта 250 миллион долларды тендер аркылуу башкалар утуп алууга кызыкдар болуп жатышат. Өкмөт тендерди катуу көзөмөлгө алышы керек",- деди Бабанов.