Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин катышуучуларды тосуп алып, алар тар чөйрөдө жолугушууга киришти. Андан соң сессия кеңейтилген чөйрөдө уланат.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти В.Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдө өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан