"Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн парламентте "КРнын 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө", "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзам долбоорлорун 2-окууда карап чыкты. Депутаттардын суроолоруна өкмөт башчы Темир Сариев, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, каржы министри Адылбек Касымалиев жана башка өкмөт мүчөлөрү жооп беришти.
Жыйын учурунда фракция мүчөлөрү бюджет тартыштыгын кыскартуу, каражатты сарамжалдуу, өз багытында пайдалануу, өкмөттүн чыгымдарын оптимизациялоо жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү сыяктуу сунуштарын беришти.
Жыйынтыгында өлкө бюджетине тийиштүү мыйзам долбоорлорун 2-3-окууда колдоого алышып, парламенттин кароосуна жиберишти.