Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 21-декабрда жер үлүштөрүн иштеткендер келечектеги пенсиясы үчүн Социалдык фондго чегерилүүчү төлөмдөргө келгенде орун алган түшүнбөстүктөрдөн улам бул багыттагы мыйзамдын аткарылышын талкууга алды. Талкууга спикер Асылбек Жээнбеков, вице-спикерлер жана комитет мүчөлөрү катышты.
Жээнбеков пенсиялык фондго төлөбөгөн адам пенсия албай турганын билдирди. "Пенсиялык фондго төлөбөгөн адам пенсия албайт. Биз мамлекеттик саясатты колдодук. Бир эсептен шайлоочулардын коюп жаткан талаптары да туура, анткени бардык эле жер иштеткен адамдардын турмуш шартын бирдей деп кабыл албоо керек. Мисалы, 20 сотых жерди 10 киши иштетсе, алардын баарына бирдей салык салынып жатат. Ушул жерде оорчулук жаралууда дегендер бар”,- дейт Жээнбеков.
Ошондой эле төрага "социалдык камсыздандыруудагы чегерүүлөрдү эселеп жогорулаткан туура эмес болуп калды" деген пикирин да билдирди. "Социалдык төлөмдөр менен эсептешүүдө 2 гектарга чейинки жерлерде көбүрөөк суроолор жаралууда. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган адистердин айынанбы же алардын туура түшүндүрө албагандыгынанбы, айтор, адамдар менен адамдардын ортосундагы эсептешүүлөрдөн качып, атайын системге келиш керек. Болбосо, ич ара келишип алуу жагдайлары жаралбай койбойт",- деди ал.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү багытында кабыл алган стратегиядагы негизги максаттардын бири – пенсиялык реформа.
"Учурда 1 миллион 350 миң киши камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Алар мамлекеттик ишканаларда иштегендер, жеке ишкердик менен алектенгендер, ошондой эле жер иштеткен айыл чарбасындагы өкүлдөр. Ошол жер иштетүүгө тиешелүү болгон өкүлдөр салык төлөп, ошол салыктын чегинде социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн дагы чегерип турууга тийиш экени буга чейинки мыйзамда жазылган",- деди Абылгазиев.
Ошондой эле анын айтымында, айрым мамлекеттерде пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөтпөйт, мамлекет өзү мойнуна алат. Дагы бир башка мамлекеттерде пенсиялык төгүмдөр дагы болбойт, пенсия дагы албайт. Жер үлүштөрү менен гана жан багышат. "Ал эми дагы бир башка мамлекетти алып көрсөк, жарандар өздөрү атайын коюлган чен менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп турушат. Андан кийин мамлекет дагы ага кошумча жардам берет. Кыргыз Республикасы ушул 3-вариантты колдонууну туура көрүүдө",- дейт Социалдык фонддун төрагасы.
Талкууда депутаттар тарабынан "социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн орточо айлык акыга байланып калганы туура эмес" деген пикирлер айтылды. Мындай позициясын билдирген депутат Канатбек Исаев: "Ошол эле учурда түшүмдүүлүк деңгээлин да эске алыш керек. Себеби кээ бир жерлерде бир жылда 2-3 ирет түшүм алса, айрым райондордо жарытылуу түшүм алынбай да калат”,- деп айтты.
Комитет мыйзамдын аткарылышын 2016-жылдын 1-мартында да уга турган болду. Ошого ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык акынын экономикалык кызматтардын түрлөрүнө байланышкан параметрлерди кайрадан карап чыгуу тапшырмасы берилди.