Кыргыз Республикасынын Президенти 21-декабрда Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты.
Жыйында Евразиялык экономикалык кеңештин учурдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, анын өнүгүшүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. Ошондой эле уюмдун мындан аркы ишине тиешелүү көптөгөн маселелер чечилгендиги белгиленди.
Жолугушуунун катышуучулары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди 2016-жылы Евразиялык экономикалык бирликке төрагалык кылышы менен куттукташты жана Виктор Христенконун Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагалыгы кызматындагы ишмердигине жогору баа беришти.
Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду:
1. Евразиялык экономикалык бирликтин органдарында төрагалык жөнүндө;
2. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жеке курамы жана мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө;
3. Евразиялык экономикалык бирликтин 2016-жылга бюджети жөнүндө;
4. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин “2016-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган ташуучулар башка Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекетинин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик жүк ташууларды аткарууну этап-этап менен либералдаштыруунун программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;
5. Евразиялык экономикалык бирликтин сотуна кайрылганда чарбалык субъекттер төлөчү алымдын көлөмүн бекитүү жөнүндө;
6. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин “Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө” 2015-жылдын 16-октябрындагы №22-чечиминин аткарылышынын жүрүшү тууралуу;
7. ЖЕАЭБдин “ЕАЭБ менен Жибек жолунун экономикалык алкакка байланыштуу маселелер боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө” 2015-жылдын 16-октябрындагы №3-буйругунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу;
8. Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттерде 2020-жылы калкты каттоодон өткөрүү жөнүндө;
9. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.