Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн 2016-жылга республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 22-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулоо улантылды.

Жыйын учурунда депутаттар бир катар сунуштарды беришти. Андан кийин мыйзамдын долбоорун жактырып, дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, 2016-жылдагы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине чыгат. Бул ички дүң өнүмгө карата – 4,5 пайыз.

Ал эми 2017-жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 131 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 142 миллиард 212 миллион сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 170 миллиард 800 миллион сомду жана 175 миллиард 724 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан