Кантип аллергияга кабылбай кийимдеги тактарды этият жана эффективдүү жууп, аны менен кошо сууну жана электр энергиясын үнөмдөсө болот? 6 Motion технологиясындагы LG`нин кир жуугуч машиналарында жогорку энергоэффективдүүлүк жана жаңы мүмкүнчүлүктөр бар.
Убактыбыздын көп бөлүгүн биз иштеп жаткан техникасы бар жабык имараттарда, зыяндуу заттар бар жерлерде өткөрөбүз. Албетте, аллергиянын пайда болуу себебин азайтуу үчүн керектелген газдардын чыгып кетишин көзөмөлдөп, тамекинин түтүнүн жутпаганга аракет кылабыз. Кийимдерибизге бир күн ичинде канчалаган зыяндуу заттар жабышарын ойлоп көрүңүз. Аны химиялык каражаттар менен жууп жатканда биз абалды кайра татаалдантабыз.
Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары LG`нин кызматкерлери уникалдуу технология менен камсыздалган 6 Motion кир жуугуч машинасына көңүл бурууну сунуштайт. LG`нин жаңы кир жуугуч машиналары кетпей калган тактарды жууп, сиздин убактыңызды, кубатыңызды, сууну жана электр энергиясын үнөмдөйт. Муну менен катар 6 Motion жаңы технологиясы 6 алгоритмден турган функция менен жууйт: "термелүү", "тегеренүү", "толтуруу", "реверстүү айлануу" (машинаны кайра артына жүргүзүүчү механизм), "кийимдин бырыштарын жазуу" жана "барабандын стандарттуу айланышы". Бул ар кандай кездемелерди жууп, суусун сыгып кургатууда оптималдуу вариантты тандоого мүмкүнчүлүк берет. Тез ылдамдыкта айланууда жуулган кийимдердин суусун сыгып жатканда аларга жогорку технологиялуу барабан кам көрөт.
Ал эми Inverter Direct Drive инвертордук кыймылдаткычы электр энергиясын үнөмдөп, кир жуугуч машинанын дирилдешин азайтат. Direct Drive`тын ишенимдүү экенин белгилеп, LG компаниясы ушул кыймылдаткычтарга 10 жылга кепилдик берет.