"Ата Мекен" кезектеги "Жылдын мыкты партиясы" деген наамын алды. Сыйлык "Мекен-Инфо" гезити жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгынын негизинде тапшырылды. Сыйлыкты алып жатып партия лидери Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:
"Мындан бир топ күн мурда мекенчил уюмдардын башын бириктирген “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюму “Ата Мекен” партиясын “Мыкты партия” деп тапты. Айрым окурмандар тарабынан “Эмне үчүн “Ата Мекен” мыкты партия болот? Парламенттик шайлоодо аз орун алып, акыркы болуп калбадыбы?” деген суроолор болууда. Ушуну түшүнбөгөн жарандар да кездешет.
Күчтүүлөр ар дайым мыкты, ар дайым алардыкы туура боло бербейт. Эгер андай болсо, Акаевдин “Алга, Кыргызстаны”, Бакиев убагындагы “Ак жол” мыкты партия болот эле го? Эгер андай логика менен ой жүгүртсөк, бүгүнкү КСДП эң мыкты партия деп бардык адамдар тарабынан табылышы керек эле го? Кеп партиянын санында эмес, андагы адамдардын карманган принцибинде, мүнөзүндө, алар жайылтып жаткан баалуулуктарда".
Партиянын маалымат кызматы "Ата Мекендин" мыкты партия экенин төмөнкү фактылар аныктай турганын белгилейт:
"Ууру-кескилер, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жеп-ичерлер жок эң таза фракция - "Ата Мекен". Ошондой эле гендердик теңчилик эң көп сакталган фракция (27 пайыз) деп табылган. Мындан тышкары "Ата Мекен" 35 жашка чейинки депутаттардын саны боюнча дагы биринчи орунду ээлеген (18,1 пайыз). Демек, "Ата Мекен" фракциясын Жогорку Кеңештеги эң жаш фракция деп эсептесе болот. Фракциянын депутаттарынын 60 пайыздан ашыгы V чакырылыштын тажрыйбалуу депутаттары. Алардын арасында мурдагы министрлер, башкы прокурор да бар. Жогорку Кеңештеги улуттук азчылыктардын катышы боюнча да "Ата Мекен" фракциясы алдынкы орунда (кыргыздар 82 пайыз, башка улуттар 18 пайыз). "Эл - тараза, эл - калыс" дегендей, 2015-жыл "Ата Мекен" социалисттик партиясынын иши жүрүшүп, чүкөсү айкүр турган жемиштүү жыл болду десек жарашат".