Кезинде көз боочулук менен алектенген, акыркы жылдары жаш эстрада
ырчыларына жол көрсөтүп, таптап, кыргыз маданиятына өз салымын кошуп
келген Баяке Чааровдун Нарында автокырсыкка кабылып, каза болгондугу маалым болду. Бул тууралуу бизге анын достору билдиришти. Автокырсык 10-ноябрдан 11-ноябрга оогон түнү саат 3:00дөр чамасында Торугарттын жолунда болуптур. Эки унаа кагылышып, 3 адам түрдүү жаракаттарды алышса, Б.Чааров ошол жерден жан бериптир. Маркумдун Ильяз Абдыразаковго продюсер катары колдоо көргөзүп жүргөнүн кошумчалап кетебиз. Баяке Чааровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу "Супер-Инфо" гезитинин жана super.kg порталынын жалпы жамааты жакындарына
терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун.