Советтик милициянын күнүнө карата өткөн бильярддык мелдеш өз жеңүүчүлөрүн тапты

12-ноябрда Бишкекте 10-ноябрь - Советтик милициянын күнүнө карата Чүй облусунун ички иштер системинде эмгектенген ардагерлер ортосунда бильярд боюнча мелдеш өттү. Ага жалпысынан 14 ардагер катышып, чемпиондукту Токмок РИИБинин майору Каныбек Жансеитов жеңип алды. 2-орунду Чүй облустук ИИБинин полковниги Куттубек Сыдыков камсыздады. Ал эми байгелүү 3-орунга полковник Бабан Садыгалиев менен подполковник Мырсалы Осмонкулов илиништи. Мелдеш достук маанайда өтүп, майрамдык сый тамак менен аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан