Чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган Майкл Макфит бүгүн миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылды. Анын кыргыз элинен кечирим сурап, видеокайрылуу жасаганын 5-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады.
Ал: "Мен, Майкл Макфит, Шотландияда төрөлгөм. "Кумтөр" компаниясында ширетүүчү болуп иштейм. Мен чынында эле ошол билдирүүнү (ред. "кыргыздар аттын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте турушат") жазгам. Өкүнүп жатам жана кечирим сурайм. Менин кыргыз жеринде жүргөнүмө 8 ай болду. Ошондуктан кыргыз элинин салтын жакшы билбейм",- деген.