Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун администрациясы жакында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине акчалай жардам көрсөттү. Муну бүгүн, 5-январда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, район жетекчиси Аскербек Алиевдин атынан көп балалуу үй-бүлөгө 81 миң сом тапшырылды. Мындан тышкары балдарга жаңы жылдык белектер берилди. Үч эм төрөлгөн үй-бүлөнүн 2005, 2008-жылкы эки баласы бар.
Айта кетсек, Бишкекте 2015-жылдын 21-декабрында саат 09:40 чамасында шаар тургуну Татьяна Гатыжская операция жолу менен эки кыз жана бир уулду жарыкка алып келген. Биринчи төрөлгөн ымыркайдын салмагы - 1960 грамм, бою - 46 сантиметр. Экинчи кыздын салмагы - 1925 грамм, бою - 44 сантиметр, уулунун салмагы - 2280 грамм, бою - 48 сантиметр.
Жалпысынан 2015-жылы Биринчи Май районунда 22 эгиз жана 1 үч эм төрөлгөн.