Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкери сыйланды

Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкерлери ыраазычылык кат алышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан бүгүн, 5-январда билдиришти.

Маалым болгондой, Октябрь районунун акими Болот Алымкулов ӨКМнын район боюнча бир жылда аткарган жумушу тууралуу отчёт угуп, күжүрмөн кызмат кылган кызматкерлерди сыйлады. Ошондой эле ыраазычылык каттарды район администрациясынын кызматкерлери да алышты.

Болот Алымкулов: “2015-жылы жаратылыш бизге бир катар сыноолорду жиберди. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү өз жумушун ыкчам жана так аткаргандыктан, анын кесепеттери өтө байкалган жок”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан