Бүгүн, 5-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.
(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)
Маалым болгондой, тургундар Жаңы жыл майрамынын астында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аталган айылдагы үйлөрдө тинтүү иштерин жүргүзгөнүнө нааразы болушууда. "Жарандар "эскертүүсүз, айтпай келишти" дешүүдө. Бирок ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери соттун токтому менен турак жайларды текшерүүгө алышкан. Тургундарга алдын ала санкциялар көрсөтүлгөн. Эгер үйдө аялдар болсо, айым милиция кызматкерлери киришкен. Айрым жашоочулар каршылык көрсөтүшкөн. Текшерүү иштеринин максаты - экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн кармоо жана террордук аракеттердин алдын алуу. Мындан ары да ушундай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлөт",- дешти мекемеден.
(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)
Эскерте кетсек, 2015-жылдын соңунда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында тинтүү иштери жүргүзүлүп, диний-экстремисттик багыттагы ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча шектүү адамдар кармалган. Мындан тышкары жалпысынан 130 даана китеп, 1 модем, 44 баракча, 2 сим-карта, 194 диск, 4 флешка, 30 видеокассета, 1 видеокамера жана 1 “Бекас” үлгүсүндөгү ок атуучу курал шаймандары менен табылган. Аталган иш-аракеттердин негизинде соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)