Бүгүн, 5-январда Ош шаарындагы усулдук бирикме жетекчилери, мектептердин окуу бөлүм башчылары жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда алдыда өтө турган электрондук олимпиада тууралуу талкуу өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери тарабынан предметтик олимпиада жана январь айында өтүүчү декада жөнүндө кеңири талкуу болду. Жолугушуунун негизги максаты 2015-2016-окуу жылындагы предметтик олимпиаданын 2-баскычынын өтүшү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Кошумчалай кетсек, республикалык олимпиаданын экинчи баскычы 11-январда башталып, 15-январга чейин уланат. Ага 9-10-11-класстардын 2000дей окуучусу катышат. Алдынкы 5 орунга ээ болгон 10-11-класстын окуучулары аймактык баскычка чыга алышат.